Биз менен байланышыңыз

Монголия Бишкектеги жарандарын атайын учак менен алып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 517 | 0

Август айында Монголиядан Америка жана Казакстанга атайын эки каттам уюштурулат. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, премьер-министрдин орун басары Я.Содбаатардын чечими менен атайын каттамдардагы учактар 30-августта Нур-Султан шаарына жана 31-августта Сиэтл шаарына конот. Нур-Султан шаарына барган учак Бишкек шаарына да келип, Моңголиянын отуздан ашык жаранын алып кетет. Алар чек ара жабылгандан кийин мекенине кайта албай калышкан.

Бул айда Монголия жалпы 17 каттам уюштуруп, 4240 адам мекенине жеткирилет.

Copyright © 2017 Maral FM