Биз менен байланышыңыз

Германия: беткап такпаган окуучулар мектептен чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 511 | 0

Дээрлик беш айлык эс алуудан кийин, эки миллионго жакын окуучу шаршемби жана бейшемби күндөрү Германиянын эң чоң федералдык штаты Түндүк Рейн – Вестфалиядагы мектептерге барышты. Коронавирустук пандемиядан улам алар март айынан баштап үйдөн окушуп, андан кийин жумасына бир-эки күн чакан топтордо сабак өтүшкөн. Азыр окуучулар жайкы эс алуудан кийин окуусун мектептерде улантууда.

Окуучулар доскага чыгарылбайт

“Кадимки” окуу жылы башталды деп айтууга кыйын. Себеби Германияда билим берүү федералдык штаттардын компетенциясына киргендиктен, өлкөнүн ар кайсы аймактарында мектепке баруунун жаңы эрежелери ар башка. Түндүк Рейн-Вестфалияда башка аймактарга караганда, COVID-19 учурлары көп кездешип, эрежелер салыштырмалуу катаал. Сабакта жана танапис учурунда бешинчи класстан баштап беткап кийүү — милдеттүү. Ошол эле учурда окуучулар доскага чакырылбайт, өз ордунан гана жооп беришет.

Коридор боюнча бир тараптуу кыймыл болот

Мектептин кире беришинде баары аралыкты сактап, колун дезинфекциялайт. Бирок окуучулардын дене табы өлчөнбөйт. Коридордогу кыймыл бир тараптуу болуш үчүн полдордо багыт берүүчү жебелер коюлган. Дене тарбия сабагы сыртта гана өтөт.

Бардык ата-энелерге кат жиберилген. Анда баланын абалы начар болуп, мурдунан суу акса, меткепке жибербөө керектиги айтылат. Ошол эле учурда ата-энелерден балдардын абалын бат-бат текшерип, дени сак баланы гана мектепке алып келүүсү керектиги айтылат.

Акысыз коронавирустук тест

Мугалимдер жана окуучулар эки жума сайын коронавируска каршы тесттен акысыз өтүшөт. Бул алардын арасында вирустун тез таркашын жана алдын алуу иш-аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Шлезвиг-Гольштейнде коронавирустун учурлары аз кездешкенине байланыштуу, мектепте беткап такпоону чечишти.

Билим берүү министрлиги дагы бул чечимди колдоп, беткап такпагандар жазаланбайт деп кошумчалады.

А бирок Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эрежелер татаал. Жетекчилер эрежелерди бузгандарды, беткап тагынбагандарды мектептен чыгарууга чейин барат.

Copyright © 2017 Maral FM