Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 373 | 0

13-августка карата акыркы суткада Тажикстанда 41 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталга жарыяланды.

Ошондой эле бир сутка ичинде коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган 93 адамдын ичинен 43 адам ооруканадан чыгарылды. Акыркы суткада бул ооруга байланыштуу адам өлүмү катталган жок.

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 7912 адамга жетти. Алардын ичинен 6696 адам айыгып, 63 бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM