Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 7871ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 282 | 0

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында дагы 44 адамдын анализинен коронавирус оорусу аныкталды. Ошол эле учурда 39 адам айыгып ооруканадан чыгарылып, 1 бейтап көз жумган. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Муну менен Тажикстанда жалпы 7871 адамдан коронавирус оорусу аныкталып, алардын ичинен 6653 адам айыккан. Коронавирустан жалпы 63 бейтап көз жумду.

Тажикстанда COVID-19  боюнча алгачкы учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM