Биз менен байланышыңыз

Түркияга кирүү үчүн жаңы эрежелер киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 492 | 0

Туристтер Түркияга саякат учурунда анкета толтуруп, анда Түркияда кала турган жайларынын даректери жана өзүнүн байланыш номерлерин көрсөтүшү зарыл.

Бул маалыматтар кийинчерээк эгер рейсте коронавируска чалдыккандар аныкталса, алардын жанында учкандарды табуу үчүн ИИМдин базасына киргизилет.

Ошондой эле, Түркияга учуучу рейстерде кол жүгүнө чектөө киргизилген, жалаң аялдардын сумкасы, портфель сыяктуу жеңил буюмдарга гана уруксат берилет. Жүргүнчүлөр жолдо беткапчан болуусу керек, ошондуктан авиакомпанияларга саякат учурунда жүргүнчүлөргө тамак берүүдөн баш тартканга туура келген.

Туристтер Түркияга келген соң, алардын дене табы өлчөнөт. Температурасы 37,8 градустан жогору болгон жүргүнчүлөр жарым сааттан соң кайра өлчөтөт жана дарыгерге көрсөтүлөт. Зарыл учурда туристтер коронавируска карата акысыз тест (ПЦР) тапшыра алышат. Эгерде тесттин жыйынтыгында туристте коронавирус аныкталбаса, ал аэропорттон каалаган жагына кете алат.

Copyright © 2017 Maral FM