Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Парламент интернетти тескеген мыйзамды өзү кабыл алып коё алат

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 745 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра иштеп чыгууга тапшырды деген − бул президент вето укугунан пайдаланды дегендик. Анткени вето укугунун эки түрү болот. Эгерде президент абсолюттук вето укугун колдонуп, мыйзамга кол койбой турган болсо, анда мыйзам ошол бойдон кабыл алынбайт. А бизде болсо, президенттин ветосу абсолюттук түрдө эмес. Ошондуктан вето коюп туруп кайтарып берип жатат. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы, юрист Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми Жогорку Кеңеш президенттин пикирин эске алып, кайрадан карап чыгып, кайрадан кабыл алса болот. Же президенттин пикирине макул болбосо, ушул түрүндө эле Жогорку Кеңеш кайрадан добуш берүү менен кабыл алып койсо болот. Анда президент мыйзамга кол коюуга мажбур болот.

Президент бул мыйзамга макул экендигин билдирди, бирок бир жеринде «пандемия башталгандан бери жарандар элди дүрбөткөн ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатат» деп жүйөлөптүр. Менин оюмча,  бул туура эмес жүйө. Себеби мыйзамдардын мүнөзү жалпы мүнөздө жана кандай учур болбосун иштеп кетиш керек, — деди Сооронкулова.

Ошондой эле ал пандемияга байланыштырып мыйзам кабыл алуу туура эмес экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM