Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандар 28 миң 69 адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 414 | 0

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 28 миң 69 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 755 жаңы учур катталды. Ал эми 732 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 18 миң 783 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 173 бейтап каза болду. 9 миң 113 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 799 адамдын абалы оор болсо, 228инин абалы өтө оор.

Copyright © 2017 Maral FM