Биз менен байланышыңыз

ДССУ Орусияны вакцинага олуттуу мамиле жасоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 429 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Орусияны коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө чыгарууда этият мамиле жасоого чакырды. Белгилей кетсек, ушул жума ичинде орус бийлиги массалык түдрө вакцина чыгарып баштарын билдирген.

Август айынын башында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко вакциналарды клиникалык тестирлөө соңуна жеткенин жана аны массалык түрдө иштеп чыгуу октябрь айында башталарын маалымдаган.

Орусияда Н. Ф. Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиологиялык улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары тарабынан өндүрүлүп жаткан вакцина ДССУнун 3-этапка өтүүсүнө уруксат берген дарыларынын катарында жок. Буга чейин ДССУ 3-фазада (бейтаптардын ири тобунун катышуусунда) клиникалык сыноодон өтүп жаткан 6 препаратты атаган.

Copyright © 2017 Maral FM