Биз менен байланышыңыз

«Коронавирус жуктурган энелер балдарын эмизүүнү токтотпошу керек»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 629 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирус жуктурган энелерге ымыркайларын эмизүүнү улантууну сунуш кылды.

«Себеби, эмчек сүтүнүн пайдасы инфекция коркунучунан маанилүү», — деди Гебрейесус.

Белгилей кетсек, COVID-19 балдарда чоңдорго караганда жумшак формада өтөт. Мунун себеби дагы эле белгисиз. Айрым гипотезалар боюнча, бул баланын вируска каршы иммундук реакциясы нормалдуу экендиги менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Ал эми чоң кишилерде болсо иммунитет буга чейин кездешпеген вируска каршы нормадан жогору реакция кылып, оорулуунун абалын начарлатат.

3-августта өткөн брифингде коронавирустук вакцинага эч кандай үмүт болбошу керек деген пикирлер да айтылды. ДССУнун айтымында, вакцина кырдаалды оңдоонун бирден-бир тез чарасы эмес жана кадимки жашоого кайтып келүү үчүн дагы деле көп убакыт бар.

Гебрейесус жана уюмдун Өзгөчө кырдаалдар программасынын аткаруучу директору Майк Райан, бардык улуттар ден-соолукка, анын ичинде медициналык беткап тагып, социалдык аралыкты сактап, колдорду тез-тез жууп туруу жана текшерүүдөн өтүү керек экендигин белгилешти.

«Медициналык беткап тагуу дүйнө жүзү боюнча мамлекеттерде  милдеттүү бойдон калууга тийиш», — деди Гебрейес брифингде.

Ал белгилегендей, учурда бир катар вакциналар 3 фазада бир эле учурда клиникалык сыноодон өтүп жатышат. Алардан натыйжалуу вакциналар чыгат деп үмүт бар. Бирок азырынча абалды оңдоо үчүн вакцина же чара жок.

Майк Райандын айтымында, вирустун жайылуу коркунучу жогору болгон Бразилия жана Индия сыяктуу мамлекеттер күчтүү күрөшүүгө даяр болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM