Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Эми ымыркайлар төрөлгөндөн тарта бала бакчага кезекке турат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 406 | 0

Өзбек өкмөтү жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн токтом кабыл алды.

Ага ылайык, өлкөдө бала төрөлгөндө бардык мамлекеттик кызматтар автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Бул кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөө, бала бакчага кезекке туруу, баланы бейтапканада каттоодон өткөрүү.

Документке ылайык, бул кызматтар өлкөнүн аймактарында, шаарларында жана облустарында көрсөтүлө баштайт. 2021-жылдын 1-февралынан баштап бардык облустардын борборлорунда, ал эми 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бүткүл өлкө боюнча ишке кирет.

Төрөлгөн бала катталган дарегинде дароо мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик мекемесине кезекке коюлат.

Көрсөтүлгөн ар бир кызмат арыз ээсине SMS билдирүү жөнөтүү менен тастыкталат.

Махбуба Сайдуллаева

Copyright © 2017 Maral FM