Биз менен байланышыңыз

Ошто ири өрт кырсыгы катталып, төрт үй күйдү (видео)

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 588 | 0

Ош шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

31-июль күнү саат 20:38 чамасында Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыгып, кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 турак үйлөрүнө өткөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары, «Ош шаардык жашылдандыруу» ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM