Биз менен байланышыңыз

28-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 591 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 28-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM