Кыргызгидромет билдиргендей, 28-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 28-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.