Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Насыяларды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 1420 | 0

Насыяларды төлөөнүн мөөнөтүн керек босло, 2021-жылдын соңуна чейин жылдыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, банктар банкрот болбошу үчүн аларга түздөн-түз колдоо көрсөтүү зарыл. Эң башкысы — өлкөдөгү финансы-кредиттик компанияларды, 50дөй ишканаларды сактап калуу кажет.

Бизнеске, банктарга, элге жардам берилсе, өлкө кризистен чыгат. Өкмөт жумушсуздар үчүн миңдеген киши чыгып иштей турган коомдук жумуштарды уюштурушу керек.

-Бүгүнкү күндө 100 миңге жакын үй-бүлө жумушсуз калды. Жумуш орундарын түзүү үчүн аларга коомдук жумуштарды жасатуу шарт. Жол салып, бак тигип, каналдарды тазалатуу зарыл. Кризис убагында бүт өлөлөр ушундай аракеттер менен бутуна туруп кетүүдө, — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM