Биз менен байланышыңыз

Украинада карантин 31-августка чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 639 | 0

Украинада 31-августка чейин карантиндик чектөө киргизилди, анткени коронавирустун жайылышы азайган эмес. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Денис Шмигаль өкмөттүн жыйынында билдирди.

Украинада биринчи карантиндик чектөөлөр март айында киргизилген. Май-июнь айларында карантин жеңилдеп, коронавирустун жайылышы бир аз басаңдап, чектөөлөр 31-июлда алынып салынышы керек болчу. Бирок, карантиндик чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин, өлкөдө коронавирустун жайылышы кескин өсө баштады.

Акыркы күндөрү, коронавирустук инфекциянын жайылышынын жаңы учурларынын саны күнүнө 800 адамдан ашты. Азырынча Украинада коронавирустук инфекциялардын жалпы саны 60 миң 995 адамды түзөт. Алардын ичинен 1534 адам көз жумду.

Июнь айынан баштап, өлкө бийлиги аймактын лидерлерине кырдаалга жараша карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү же күчөтүү жөнүндө көзкарандысыз чечим кабыл алуу укугун берген.

Өкмөт башчынын айтымында, ар кайсы региондордо бала бакчалардын, кинотеатрлардын, спорттук имараттардын, базарлардын, пляждардын, санаторийлердин өзүлөрүнүн аймагында иштей тургандыгын чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Беткап кийип, коомдук жайларда 1,5 метр аралыкты сактоо керек. Ошондой эле, оору кеңири жайылган өлкөлөрдөн келгендер эки жумага карантинге алынышы же коронавирустук тесттен өтүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM