Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 530 | 0

Тажикстанда дагы 43 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталга жарыяланды.

Ошондой эле бир сутка ичинде 51 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6921 адамга жетти. Бул илдеттин кесепетинен жалпы 57 бейтап көз жумуп, 5629 адам айыкты. Учурда 1235 адам дарыланууда.

Тажикстанда коронавирус боюнча алгачкы учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM