Биз менен байланышыңыз

Евробиримдиктин кезексиз саммити төрт күндөн бери уланып жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 535 | 1

Коронавирус пандемиясынын терс экономикалык таасирине каршы күрөшүү боюнча Евробиримдиктин кезексиз саммити төрт күндөн бери уланып жатат. Евробиримдиктин лидерлеринин жолугушуусу бүгүн, 20-июлда Москва убактысы боюнча саат 17:00дө улантылат. Башында сүйлөшүүлөр эки күн ичинде бүтө тургандыгы болжолдонгон. Буга чейин 5 күнгө созулган жолугушуу Евробиримдикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 2000-жылдын декабрында Ниццада өткөн.

Брюсселдеги бир күн мурунку талкуу түн бир оокумга чейин созулган. Австрия, Дания, Нидерланды, Швеция жана Финляндия Брюсселдин пандемиядан өтө жабыркаган өлкөлөргө 750 миллиард евро өлчөмүндөгү гранттык суммадан, ар бирине  кайтарымсыз түрдө 500 миллиард евродон бөлүү планына каршы чыгышты.

Мындай позиция Франциянын президенти Эммануэль Макрондун нааразычылыгын жаратты, ал мындай аракеттерди «өзүмчүл» деп атады. Ал  мындай «жаман келишимге» кол коюудан көрө, саммиттен кетүүгө даяр экендигин билдирген.

Өз кезегинде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель кайтарымсыз гранттардын үлүшүн 400 миллиард еврого чейин кыскартууну сунуш кылды.

Саммиттин төртүнчү күнү башталганга чейин, Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыштар болгонун жарыялады. Анын айтымында, Европа Кеңешинин башчысы пандемиянын экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча жаңы сунуштун үстүнөн иштеп жатат.

Мындан тышкары, саммиттин катышуучулары Евробиримдиктин 2021-2027-жылдарга карата бюджетин талкуулап жатышат. Бул 1,074 триллион еврону түзөт. Ал февраль айында Евробиримдиктин саммитине чейин Европа Кеңешинин башчысы сунуштаган суммадан 13 миллиардга аз. Европа Комиссиясы өзүнүн май айындагы сунушунда 1,1 триллион евро бюджетин караган.

1 пикир

1 пикир

  1. Аскат

    20.07.2020 18:03

    Кыргызстандык окурмандар үчүн жазылып жаткандан кийин Москва убактысы дебей Бишкек убактысы деп жазсаңар туура болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM