Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 70 адам көз жумду

Кыска кабар | 19 Июл 2020 | 947 | 0

19-июлга карата сутка ичинде COVID-19 илдетинен 70 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бул көрсөткүч пневмонияны эсепке алуу менен катталды.

Каза болгондор төмөнкү аймактардан:
Бишкек – 35
Ош – 2
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 9
Талас облусу – 4
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу – 4

Республика боюнча аталган вирустук инфекциянын кесепетинде 1003 адам каза болду. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 26 532ни түздү.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди.


19-июль: Бир суткада 1020 адамдан коронавирус табылды

Copyright © 2017 Maral FM