Биз менен байланышыңыз

19-июль: Бир суткада 1020 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 19 Июл 2020 | 952 | 0

19-июлга карата бардыгы болуп бир сутка ичинде 1020 адам COVID-19 менен катталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча бөлүнүшү:

Бишкек — 369
Ош – 151
Чүй облусу – 123
Ош облусу — 178
Талас облусу – 37
Нарын облусу – 31
Ысык-Көл облусу – 31
Жалал-Абад облусу – 40
Баткен облусу — 70

Республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 26 532ни түздү.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 14,2 миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп алды.

Анын көпчүлүк учурлары АКШда (3,6 млн.), Бразилияда (2,04 млн.), Индияда (1,039 млн.), Орусияда (758 миң) жана Перуда (345 миң) катталган.

COVID-19: Дагы 70 адам көз жумду

Copyright © 2017 Maral FM