19-июлга карата сутка ичинде COVID-19 илдетинен 70 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Бул көрсөткүч пневмонияны эсепке алуу менен катталды.
Каза болгондор төмөнкү аймактардан:
Бишкек – 35
Ош – 2
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 9
Талас облусу – 4
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу – 4
Республика боюнча аталган вирустук инфекциянын кесепетинде 1003 адам каза болду. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 26 532ни түздү.
Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди.