Биз менен байланышыңыз

«Саясатчылар силерден үлгү алсын». Президент ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 817 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаалда коронавирус менен күрөшүүдө колдон келген жардамын берип жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирди. Ал “Биринчи радиого” курган маегинде:

— Мекендештериме айтаарым, көпчүлүгүңөр бийликти сындап жатасыңар. Андан да көбүңөр вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатасыңар. Эң алдыңкы катарда илдет тарабасын деп чоң иш жасап жатасыңар. Мен сиздердин ушул жаратмандык позицияңарга таазим этем жана саясатчыларды сиздерден үлгү алса дейм,- деди өлкө башчы.

Кыргызстанда бир топ жарандар коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өкмөткө жардам берип жатышат. Ошондой эле чет жактардагы кыргыз мекендештер да түрдүү жардамдарды жиберишүүдө. Бир топ атайын эсептер ачылып, акча чогулткандар да арбын. Мындай акцияларды ишкерлер, шоу-бизнестин өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар колго алышууда.

Мындан тышкары, ыктыярчы катары медиктердин ишин жеңилдеткен топтор да бар.

Марал радиосу «дарыгерлерди колдоо» акциясын өткөрүүдө

Copyright © 2017 Maral FM