Биз менен байланышыңыз

Түркияда чалгындоо учагы кулап, 7 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 329 | 0

Түркиядагы Ван провинциясынын Артос тоосунда чалгындоо учагы кулап түштү. Кырсыкта 2 учкуч жана 7 полиция кызматкери шейит болду.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу чалгындоо учагы менен болгон байланыш Түркия убактысы боюнча саат  кечки 11лерде жоголгон. Ал эми 03:00 чамасында Артос тоосунун болжол менен 2 миң 200 метр бийиктигине урунуп кыйроого учураган учакты табышкан.

Министр белгилегендей, Коопсуздук Башкы дирекциясынын кырсыкты иликтөө тобу чалгындоо учагы түшкөн Артос тоосуна барып, иликтөө ишин баштады.

Copyright © 2017 Maral FM