Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жаңы окуу жылын аралыктан баштоо сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 287 | 0

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой бүгүн өкмөттүн жыйынында өлкөдө жаңы окуу жылын дистанттык түрдө баштоону сунуш кылды.

Анын айтымында, Казакстанда катталган 61 миң коронавирустун 1700 учуру балдарда аныкталган.

«Сасык тумоонун мезгилдик өсүшүн жана билим берүү мекемелериндеги окуучулардын арасында коронавирустун жайылуусун эске алуу менен, орто билим берүү уюмдарынын бардык класстарына, биринчи класстагы мектептерден тышкары, окуу жылынын биринчи кварталында аралыктан билим берүү маселесин кароону максатка ылайык деп эсептейбиз», — деди министр.

Ал белгилегендей, мектептерде күндүзгү билим берүүнү жандандыруу балдардын арасындагы оорунун көбөйүшүнө жана инфекциянын мектептен тышкаркы жугушуна, ошондой эле балдардын коомдогу инфекциянын жайылышына катышуусуна алып келиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM