Connect with us

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 524 | 0

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди. Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт.

Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20 июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70% чейин орундуктарды ээлөөсү каралган.

Мындан сырткары 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM