Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президент 13-июлду аза күтүү күнү деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 748 | 0

Казакстанда 13-июль коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мындай жарлыкты өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды.

«Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Бул баарыбыз үчүн трагедия. Пандемиянын курмандыктары болгон мекендештерди эскерүү максатында 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ким, кайда болбосун бул күнү каза болгондорду эскерет деген ишеничтемин»,- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус инфекциясынан улам 264 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM