Биз менен байланышыңыз

Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 385 | 0

Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги жана Чүй облусундагы оор кырдаалга байланыштуу дарыгерлердин жалпы мобилизациясы жарыяланган.

Ысык-Көл облусунан — 35, Талас облусунан — 23, Нарын облусунан — 20, Чүй облусунан – 4, Баткен облусунан — 5 медицина кызматкери келген. Ошондой эле Орусиядан 23 дарыгер келген.

Акматова кошумчалагандай, региондордон көбүнчө орто медициналык персоналдын өкүлдөрү келишкен жана зарыл болсо, алар өз аймактарына кайтышат.

Copyright © 2017 Maral FM