Биз менен байланышыңыз

Орусияда курулуп жаткан танкерге Назарбаевдин аты коюлат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 516 | 0

Орусиянын «Звезда» кеме куруучу заводу жаңы Aframax танкерин кура баштады. Ага 6-июлда 80 жашка чыккан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылат.

Кеме куруунун ачылыш аземине компаниянын директору Сергей Целуйко жана Приморье крайынын губернатору Олег Кожемяко катышты.

Компания маалымдагандай, анын буюртмаларынын арасында дагы ушундай 12 танкер бар.

Учурда кеме казуучу жайда 5 танкер курулуп жатат. Бул танкердин узундугу 250 метр, туурасы 44 метр жана сыйымдуулугу 114 тонна. Орусияда мындай танкерлер биринчи жолу курулуп жатат.

«Звезда» кеме куруучу заводу Приморье крайындагы Большой Камень шаарында «Роснефтинин» жетекчилиги астында курулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM