Биз менен байланышыңыз

7-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 464 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянып,  3-7-июлдарда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайын сунуштайбыз.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-июлда күндүз жана 5-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-июлда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 3-7-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы 3-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 3-июлда күндүз, 4-июлда жана 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз жана 6-июлда тункүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 6-июлда күндүз жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. 7-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-июлда күндүз жана 5-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-июлда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

6-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

3-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-июлда күндүз жана 5-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-июлда күндүз жана 6-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-июлда күндүз жана 7-июлда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-6-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 3-7-июлдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы 3-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-июлда жана 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз жана 6-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

3-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-июлда жана 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-июлда күндүз жана 6-июлда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-9-июлдарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM