Ош шаарынын тургуну Жаныбек Ажимаматов «Классик» мейманканасын пневмонияга кабылгандар үчүн убактылуу госпиталь катары пайдаланууга берип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Классик» мейманканасы 6-июлдан тарта берилет.
Ошондой эле, мэрия кыйын кырдаалда мейманканасын оорулуулар үчүн акысыз пайдаланууга берип жаткан Ажимаматовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдире тургандыгын айткан.