Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 388 | 0

1-июлга карата, Тажикстанда 54 адамдан коронавирустун жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бир сутка ичинде коронавируска байланыштуу адам өлүмү катталган жок. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5954 адамга жетти. Тажикстанда жалпы 52 бейтап көз жумду. Ошондой эле 4568 адам айыкты.

Тажикстанда коронавирустун алгачкы учурлары 30-апрелде жарыяланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM