Биз менен байланышыңыз

Президент: Медицина жана билим берүү тармагына өзгөртүүлөр киргизилет

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 898 | 0

Азыркы дүйнөлүк апааттын кесепеттерин эске алуу менен биринчи кезекте, медицина жана билим берүү тармагына айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

Жээнбековдун айтымында, саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн чечкиндүү реформалар ишке ашырылат. Анда негизги басым санариптештирүүгө жасалат.

Өкмөттүн мүчөлөрүнөн жаңы шартта ишкерлерди, медиктерди, мугалимдерди колдоо үчүн жаңы кадамдарга баруу талап кылынат

Мындан сырткары, кризистин шартын эске алуу менен ишкерлерди каржылоодогу талаптарды да жеңилдетүүгө мезгил келди. Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга ресурстарды берүү көбөйтүлөт. Орус-Кыргыз фонду, мамлекеттик финансы институттары тарабынан элеттик ишкерлердин долбоорлорун каржылоо көбөйөт.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.

Copyright © 2017 Maral FM