Биз менен байланышыңыз

Оштун «Алай» клубунун эки оюнчусунан коронавирус аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 28 Июн 2020 | 687 | 0

Оштун «Алай» футбол клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган клуб өзүнүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады.

Буга чейин 25-июнда эпидемиологиялык изилдөөнүн негизинде коронавирус илдетин бир оюнчусу жуктуруп алганын кабарлашкан.

Ошол мезгилде бир оюнчунун анализинин жыйынтыгы чыга элек болчу. Кийинчерээк анын анализинин жыйынтыгында илдет жуктуруп алганы маалым болду.

Дарыгерлер клубдун 2 оюнчусун тең ооруканага дарыланууга алып кетишти.

Калган оюнчулар Ахматбек Суюмбаев стадионунун жатаканасында обервацияда көзөмөлдө турушууда, жакынкы күндөрдө 2-ирет анализдердин алынуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM