Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эртеңден баштап ысык суу берилет

Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 1140 | 0

Бишкек шаарында оңдоо иштеринен кийин ысык суу берилип баштайт. Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу 29-июндан баштап чыгат.

Ысык суу биринчи кезекте бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объекттерге берилет, — деп билдирди мэрия.

Жыл сайын 1-майдан тарта Бишкек ЖЭБдин жабдыктарынын иши токтотулуп, профилактикалык жана оңдоо иштери жүргүзүлүп келет.

Быйыл коронавируска байланыштуу кырдаалдардан улам ысык суу бир айдан кийин, тактап айтканда, 1-июндан баштап өчүрүлгөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM