Бишкек шаарында оңдоо иштеринен кийин ысык суу берилип баштайт. Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу 29-июндан баштап чыгат.
— Ысык суу биринчи кезекте бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объекттерге берилет, — деп билдирди мэрия.
Жыл сайын 1-майдан тарта Бишкек ЖЭБдин жабдыктарынын иши токтотулуп, профилактикалык жана оңдоо иштери жүргүзүлүп келет.
Быйыл коронавируска байланыштуу кырдаалдардан улам ысык суу бир айдан кийин, тактап айтканда, 1-июндан баштап өчүрүлгөн болчу.