Биз менен байланышыңыз

АКШ: Бир суткада 40 870 адамдан коронавирус аныкталып, антирекорд жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 464 | 0

АКШда акыркы бир сутка ичинде коронавирустун 40 миң 870 жаңы учуру катталды. Бул көрсөткүч пандемия башталгандан берки эң максималдуу өсүш болду.

Кошмо штаттарында коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миллион 475 миңден ашты. Рекорддук көрсөткүчтү түзгөн көрүнүш айрыкча: Айдахо, Алабама, Аризона, Вайоминг, Джорджия, Калифорния, Невада, Теннесси, Техас штаттарында катталган.

Маалыматка ылайык, бул аймактардын айрымдарында мурда киргизилген режимди жеңилдеткен соң, абал курчуп кеткен.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, АКШ коронавирусту жуктуруп алуу жагынан дүйнө боюнча алдыңкы сапта турат. Андан соң Бразилия (1 274 584), жана Орусися (620 794) турат.

Copyright © 2017 Maral FM