Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: «XXI кылымдын кадрлары» программасы улантылышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2020 | 1132 | 0

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин профессору Алмаз Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде мамлекет жаш кадрларды чет өлкөдө окутуп, кайра аларды мамлекеттик кызматтарга коюу саясаты боюнча өз пикирин билдирди.

-2000-жылдардын башында Аскар Акаевдин демилгеси менен “21-кылымдын кадрлары” аталышындагы долбоор башталган. Казакстанда азыркы убакка чейин “Болашак” деп аталган ушул сыяктуу программасын улантып келет. Бизде бул программанын токтоп калышы өз кесепетин тийгизген жокпу?

-Кесепети сөзсүз болот. Мамлекетте үзгүлтүксүз улануу процесси болуш керек. Мурунку президентти же мекемени алып көрөлү, университет, мектеп же кичинекей мекеме болушу мүмкүн.  Ар биринин келген жетекчиси жаңы нерсени ойлоп таап, өзүнүн мыйзамдарын, талаптарын киргизе берсе, анда мамлекетте мурда жасалып келе жаткан иштердин баары бузулуп, кайра эле башынан баштай беребиз. Домино ойногон сыяктуу. Улам жаңы келген кишилер башынан ойной берсе, биз качан ойноп бүтөбүз.  Ошондуктан, бул программанын аягына чыкпай калганы абдан кейиштүү. Президенттер алмашкан сайын, аны менен бирге цикл дагы алмашты. Бирок, жакшы жактарын алып калып, улантканыбыз туура. Казакстандагы “Болашак” программасы президент Нурсултан Назарбаевдын демилгеси. Анын алкагында Казакстандан АКШга, Лондонго. ж.б чет өлкөлөрдө магистратурага, докторантурага барып окуган студенттер аябай көп. Алардын бир канчасы менен жакшы таанышмын. Бүгүнкү күндө булар келип, министрлик, министрликтеги орун басар кызматтарын, департамент жетекчиликтеринин ордун ээлешти. Баары «Болашактын» бүтүрүүчүлөрү. Шарт  абдан жакшы түзүлгөн. “21-кылымдын кадрлары” программасы бизде  андан эрте башталганы менен, эрте бүтүп калды. Ушул программага окшош Өзбекстанда Каримовдун “Үмүт” программасы, Рахмондун “Дарохшон” деген программасы болгон. Ошол учурда Орто Азия президенттеринин ар биринин ушундай билим берүүгө арналган программалары бар эле. Ар бири өзүнүн деңгээлине жараша жемишин берди.

-Кайра мүмкүнчүлүк барбы? Кеч эмеспи?

-Толук мүмкүнчүлүк бар. Улап кетүүгө эмне үчүн болбойт. Аталышы башка, бирок ошого окшогон билим берүү эле эмес, билим берүү жана инновацияга арналган президенттин өзүнүн программасы болсо, жаштарга, билимге болгон мамилесин көрсөтмөк. Инновация менен жаштарды, өлкөнүн келечегин өнүктүрүүгө болгон демилгеси болот. Президентибиз Сооронбай Шариповичке ушул программаны жазып, өзүнүн аппаратынадагылар же Билим берүү министрлиги сунуштаса, абдан туура болот. Анткени, президенттин эң жакшы жасап кете турган, узак мөөнөткө созула турган иши болмок. Жаштардын келечегине инвестиция жасап кетсе жакшы болот эле.  

Кошумчалай кетсек, профессор Алмаз Бейшеналиевдин толук маегин төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

"Баарын сүйлөшөбүз" программасыКонокто: АКШдагы Жон Хопкинс университетинин профессору Алмаз Бейшеналиев

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Пятница, 19 июня 2020 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM