Биз менен байланышыңыз

Путиндин үстүнөн сотко арыз түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 607 | 0

Орусиянын Коммунисттик партиясынын депутаттары Евгений Ступин жана Олег Шереметев, саясат таануучу Валерий Соловей жана адвокат Сергей Бочаров өлкөнүн Жогорку сотуна президент Владимир Путиндин жарлыгын мыйзамсыз деп табууну талап кылып, доо арыз менен кайрылышты.

Сөз Путиндин Конституцияга киргизилиши күтүлүп жаткан өзгөртүүлөр боюнча 1-июлда добуш берүү жөнүндөгү жарлыгы тууралуу болуп жатат.

Доомат койгондор пандемия учурунда добуш берүүнү кылмыш катары эсептешет.

-Күн сайын ондогон, жүздөгөн адамдар коронавирустун айынан көз жумуп жатат.  Мындай жагдайда добуш берүү кылмыш болуп саналат. Путиндин жарлыгын жокко чыгаруу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калат, — деп жазды арыз ээлеринин бири Facebookтагы баракчасына.

Жогорку Сотко ушундай эле арыз менен Киров областынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо коомунун башчысы Геннадий Рудяк аттуу Орусиянын жараны да кайрылган. 16-июнда анын арызы катталып, судьяга өткөрүлгөн. Арызда жооп берүүчү катары Владимир Путин көрсөтүлгөн. Бирок Жогорку Сот Рудяктын арызын кароодон баш тарткан.

Белгилей кетсек, 14-мартта Путин Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Документ Конституциялык сот тарабынан жактырылган.

Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдум 1-июлга белгиленди. Түзөтүүлөрдүн эң негизгиси Путинге кайрадан президенттикке талапкерлигин коюуга жана 2036-жылга чейин бийликте калуусуна мүмкүндүк берет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 561 миңден ашты, алардын ичинен 7,660 адам көз жумуп, 313 миңден ашыгы айыгып кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM