Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Зеленскийдин жубайы ооруканага жаткырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 629 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская ооруканага жаткырылды. Буга чейин анын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталган болчу.

Маалыматка ылайык, Еленанын эки өпкөсү пневмония менен жабыркаган. Учурда анын абалы туруктуу.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Зеленский менен балдарынан вирус тастыкталган жок. Зеленскаядан июнь айынын башында анализ алынып, бирок илдет тастыкталган эмес. Азырынча ооруну кайсы жерден жана кантип жуктурганы белгисиз, учурда бейтапка эпидемиологиялык изилдөө жүрүп жатат. Байланышта болгон бардык адамдарга маалымат берилип, обочолонуу керектиги айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM