Биз менен байланышыңыз

Казакстанда өкмөт башчы коштогон бир топ министрлер изоляцияга чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 575 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус аныкталган соң, өкмөт башчы баш болгон бир топ министрлер өз алдынча обочолонууга алынышты.

Эске салсак, анализинен коронавирус инфекциясы тастыкталган Елжан Биртанов инфекциялык ооруканага жаткырылган. Бул жагдайдан соң, андан 3 күн мурда 12-июнда аны менен чогуу Жамбыл облусуна иш-сапарга чыккан өкмөт башчы Аскар Мамин да изоляцияга алынууга мажбур болгон.

Ошондой эле, бул сапардан соң Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов, экология, геология жана жаратылыш ресурстарынын министри Магзум Мырзагалиев, айыл-чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев да изоляцияга алынган.

16-июнга карата Казакстанда коронавирус аныкталган 383 жаңы учур катталды. Республика боюнча жалпы 15 миң 192 адамдан коронавирус табылган. Пандемия башталгандан бери 81 адам каза болду.


Казакстанда коронавирусту жуктургандар 15 миңден ашты

Copyright © 2017 Maral FM