Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирусту жуктургандар 15 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 528 | 0

Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

16-июнга карата Казакстанда коронавирус аныкталган 383 жаңы учур катталды. Республика боюнча жалпы 15 миң 192 адамдан коронавирус табылган. Пандемия башталгандан бери 81 адам каза болду.

Ошондой эле, Казакстанда 1 сутка ичинде симптомдору байкалбаган коронавирустук инфекцияны алып жүргөн 600 учур катталды. Муну менен симптомсуз вирусту ташуучулардын саны 5492ге жетти. Белгилей кетсек, бул көрсөткүч жалпы эсепке кошулбайт.


Казакстан: Коронавируска кабылган Саламаттыкты сактоо министри ооруканада дарыланууда

Copyright © 2017 Maral FM