Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн тарта Францияда карантин чаралары кыскартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 554 | 0

Франция 15-июндан тарта “жашыл” зонага өтүп, мамлекетте коронавирус себептүү киргизилген бир катар чектөөлөр жеңилдетилет. Бул тууралуу президент Эммануэль Макрон жыйын учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Майотта ва Гвианадан сырткаркы аймактар жашыл зонага өтөт.

Францияда 15-июндан тарта жалпы бала-бакчалар, мектептер жана колледждер кадимки иш тартибине өтөт. Мындан тышкары, Париждеги кафе-ресторандарга иштөөгө да уруксат берилди.

Ошондой эле, карылар үйүнө да барууга, кабар алууга уруксат берилгени айтылды.

Франция президенти жыйын учурунда соңку учурлардагы тартипсиздикке да токтолуп өткөн. Анын айтымында, эл динине жана түпкү тегине карабастан бир улут катары биригүүсү зарыл.

Макрон тартип сакчылардын талабын аткарып, массалык чогулуудан сактанууга чакырды.

Буга чейин Париждин борборунда полициянын күч колдонуусуна каршы митингге 15 миңден 20 миңге чейин адам топтолгон. Полиция аларды таркатуу үчүн эскертүү берип, кийин кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн чогулгандарга карата көздөн жаш агызуучу газдарды колдонгон.

Copyright © 2017 Maral FM