Биз менен байланышыңыз

Москва: чач тарач, салондордун иштөөсүнө жана көрүстөндөргө барууга уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 749 | 0

Москва акырындык менен кадимки жашоосуна кайтып келе жатат. Шейшемби күндөн баштап транспорттук  уруксат кагаздары талап кылынбайт жана шаардын тургундарына үйлөрүнөн чыгып, эркин жүрүүсүнө уруксат берилди.

Шейшемби күндөн баштап чач тарачтар, сулуулук салондору борбор калаада ачылат, ошондой эле театрлар да даярдыгын баштай алышат. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Ал өзүнүн жеке блогунда бир нече жумадан бери Москвада коронавирустук пандемия төмөндөп, ооруканага жаткырылгандардын саны жана инфекциянын жаны учурлары азайып жаткандыгын, борбор чоң өзгөрүүлөргө жана иш жүзүндө кадимки жашоого өтүүгө даяр экенин айткан.

Карантин алынды

Шейшемби күнү борбор калаада: өзүн-өзү изоляциялоо режими жана кирип-чыгууну башкаруу сыяктуу эки негизги чектөө жокко чыгарылды. Мындан тышкары, сейилдөөгө коюлган чектөөлөр дагы алынды. Эскерте кетсек, мурда мэр белгилегендей москвалыктардын көчөдө жүрүү графиги 14-июнга чейин тесттик режимде киргизилген. Шаардын көчөлөрүндө чогулган топтор пайда болбошу үчүн, өзүн-өзү изоляция режиминен акырындык менен чыгуу керек болчу, ошондуктан борбордогу бардык турак-жайлар топторго бөлүнүп, сейилдөөгө ар кайсы райондор үчүн атайын графиктер коюлган болчу.

Мүрзөгө баруу

Ошондой эле, шейшемби күндөн тартып, апрель айынын башынан бери карантинге алынган шаарлардын мүрзөлөрүнө барууга коюлган чектөөлөр жокко чыгарылат.

Чач тарачтар жана сулуулук салондор

Шейшемби күнү москвалыктар үчүн көптөн күткөн жаңылык: чач тарачтар жана сулуулук салондору ишин кайрадан баштайт.

Көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын сунуштарына ылайык, бул уюмдар бул сыяктуу жайларды, ошондой эле, адамдар  байланышуучу барды кжерлерди жана шаймандарды иштетүүдө режимди катуу сакташы керек. Мындан тышкары, сырттан келгендерге жана жумушчуларга колун жуу үчүн антисептиктер берилиши зарыл, бөлмө зыянсыздандырылып, желдетилиши керек. Мындан тышкары, жумушчулар жеке коргонуу шаймандарын кийиши керек, мекемелердиин кире беришиндеги бардык коопсуздук кызматкерлер кирген-чыккан адамдардын дене табын өлчөшү керек, келүүчүлөрдүн ортосундагы аралык 20 мүнөттөн болушу абзел жана ар бир келген адамга кызмат көрсөтүү социалдык аралыкка ылайык жүргүзүлүшү керек.

Маска кийүү режими

Мындан тышкары, мэр белгилегендей, бир катар чектөөлөр алынып салынганына карабастан, москвалыктар дагы деле этият болуп, өзүн-өзү сактоо режимин сакташы керек: социалдык аралыкты сактап, коомдук жайларда жеке коргонуу каражаттарын (маска, мээлей) кийип жүргөнгө туура келет.

Ошондой эле, коомдук уюмдар, киностудиялар, жазуу студиялары жана изилдөө институттары кадимки иш-аракеттерине кайтып келе алышат. Ошол эле учурда театрлар, концерттик уюмдар жана цирктер даярдыктарын улантат.

Copyright © 2017 Maral FM