Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы «iGov» мобилдик тиркемесин ишке киргизип жатат

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 439 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы «iGov» мобилдик тиркемесин ишке киргизип жатат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Акын Мамбеталиев, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтты.

«iGov» мобилдик тиркемесинин жардамы менен жарандар алыста туруп, идентификациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышат.

Бул тиркемеде электрондук документтер — айдоочулук күбөлүк, автоунаа техпаспорту, ID-карта камтылат. Анын жардамы менен жарандарда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өзүн идентификациялоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине санарип форматындагы документин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Ошондой эле паспорт, жарандык абалдын актыларын жазуу (нике), банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөр камтылат.

Copyright © 2017 Maral FM