Биз менен байланышыңыз

Эки жашар Нуржигитке жардам керек

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 1354 | 0

Оору сурап келбейт. Ооба, ал качан, кайдан, кантип келээри да белгисиз. Жашка да карабайт ал…

Баткен облусунун Кадамжай районунун 2 жашар тургуну Нуржигит Мырзахпаровго «анемия Даймонда- Блекфена» деген диагноз ушул жылдын март айында коюлган. Ага чейин Ошто дарыланып, бирок даарыгерлер так диагноз койо албагандыктан көп убакыт текке кетип, бир канча акча каражаты сарпталган.

Кийинчерээк Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна алынып келинип, азыр ал оору менен күрөшүп келүүдө. Баланы дарыласа болорун дарыгерлер айтышкан жана баланын үй-бүлбөсү, туугандары да азыр бардык жактан бул илдетти жеңүү үчүн акча каражатын табууга аракет кылууда. Ата-энеси баласын чоңойтуп, окутуп-чокутуп, коомго пайдалуу уул кылып тарбиялайбыз деген жакшы тилеги бар.

Бирок… Азыр эң биринчи жумуш – бул ооруну жеңүү. Бир канча айдан бери  бала дарыланып келүүдө. Операция Түркия, Индия жана Европа өлкөлөрүндө гана жасалат. Операциянын Түркиядагы орточо баасы 110-120 миң доллар турат.

Дары-дармектери бир топ кымбат болгондуктан, азыр үй-бүлөгө акча каражаты жагынан жардам керек болууда. Бар акчаларын, колунда бар мүлкүн сатышты, бирок, дарылануу бүтө элек…

Кайдыгер карабаган ар бир мекендештен бул илдетти жеңүүдө көмөкчү болууну суранабыз.

Акча которуу жолдору: KICB 1285120000142581

Апасы Маматали кызы Угулайдын байланыш ном: 0778504898,

Тайкеси Акжолдун байланыш ном: 0226706050.

Copyright © 2017 Maral FM