“Жашыл Ай” коому Баткендин Кадамжай районундагы жардамга муктаж 120 үй-бүлөгө азык-түлүк иретинде жардам көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү “Маралга” билдиришти.
— Жардам аймактагы элдин аз камсыз болгон, жардамга муктаж катмарына берилүүдө. Анда ар бир үй-бүлөгө тамак-аш азыктары салынган баштык таратылды, — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта белгиленгендей, аталган коомдун өкүлдөрү Бишкек шаарында да аз камсыз болгон көптөгөн жарандарга жардам беришкен.