Биз менен байланышыңыз

Нарында 79 жаштагы аял COVID-19 инфекциясынан каза болду

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 299 | 0

Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.

Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетти. Алардын ичинен 1219 адам айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM