Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.
Жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.
Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетти. Алардын ичинен 1219 адам айыгып чыкты.