Биз менен байланышыңыз

Украина: 15-июнда авиакаттамдар жанданат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 657 | 0

Украина эл аралык каттамдарды 15-июнда жандандырууну пландап жатат.

«Эл аралык жана ички каттамдар 15-июндан баштап иштей баштайт. Ички каттамдар дагы ачылышы мүмкүн», — деди өлкөнүн инфраструктура министри Владислав Криклий.

Анын айтымында, эл аралык каттамдар биринчи кезекте туристтик өлкөлөргө жандана баштайт.

«Булар: Түркия, Греция, Кипр, Монте-Негро, Хорватия, Грузия, алар күтүп жатышат. Биз бир жуманын ичинде кененирээк маалыматты жарыялайбыз», — деди Криклий.

Министр Украинанын азырынча Италия менен Испанияга болгон каттамдарды калыбына келтирүүнү пландаган жок.

Ошондой эле ал ири туристтик каттамдарда жүрүүчү поезддердин саны көбөйө тургандыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM