Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Балдарды коргойбуз десек, укугун системалуу коргогон кызматтарды түзүшүбүз керек

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 777 | 1

Ушул жылдын алгачкы төрт айында 44 балага физикалык зордук-зомбулук,  24 бала сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылып, 12 бала психологиялык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 1-июнда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында ошол учурда 51 жашы жете элек бала жумушка тартылган.

» 2018-жылы декабрда, 2019- жылы январда балдардын үстүнөн зордук-зомбулук болгон 8 факты катталган. Алардын төртөө балдардын өлүмү менен аяктаган. Ошондон баштап Республикалык деңгээлде ар бир райондо штаб уюштурулуп, 700 миң үй-бүлөнү үймө-үй кыдырып, 106 миң 975 мигранттардын балдары учетко алынган. Ошол учурда эч кандай коомчулукка жетпеган, жашырылган 51 үй-бүлөлүк зордук- зомбулукка кабылган факт аныкталган. Анын ичинен 27си сексуалдык ыдык көрсөтүү болгон» , — деди Улукбек Кочкоров .

Улукбек Кочкоров билдиргендей, 106 миң мигранттардын балдары каттоого алынгандан кийин дагы  4 бала үй-булөлүк зордук- зомбулуктан көз жумган. Себеби, аларды маниторингге алган кызмат жок болгон. Ошондой эле 106 миң баланын ичинен 5 миң 600 бала абсолюттук тууганчылыгы жок, коңшусуна, классташтарынын кароосунда калган.

1 пикир

1 пикир

  1. Гульбара

    12.06.2020 21:06

    Саламатсыздарбы мен сиздерге кайрылуумдун себеби,бала асырап алайын дегем.Озум 34 жаштамын.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM