Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 580 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган аймактарда өнөктүк кечээ 28-майда башталып, 2 гектар аянттагы арпа орулду.

Жалпысынан райондо 2870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген.

Облус боюнча 2020-жылдын түшүмү үчүн 20702 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 7902 гектары буудай, 12797 гектары арпа.

Copyright © 2017 Maral FM